• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта ок атуучу куралдарга карата рейд жүрүп, жарандардан үч курал алынды

Аймак 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Талас облусунун жарандары милицияга ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшырууда. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Учурда облус аймагында “Арсенал” аттуу рейд өткөрүлүп, Бакай-Атадан эки жаран сайлуу, Талас районунда бир жаран сайлуу жана Талас шаарында бир жаран сайсыз ок атуучу курал тапшырган.

Рейддин максаты — облуста ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү болуп саналат.

Райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, апрель окуяларында жана башка учурда жоголгон, уурдалган ок атуучу куралдарды тапшыруу боюнча алдын алуу иштер аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий