• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Виктория Мозгачева Казань федералдык университетинин делегациясы менен жолукту

Коом 0

Бишкек. 17.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева университеттин ректору Илшат Гафуров баштаган Казань федералдык университетинин делегациясы менен жолукту.

Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, талкуунун жүрүшүндө илимий-билим берүү тармагында өз ара пайдалуу кызматташуу маселелери каралды, атап айтканда, шериктеш университеттер менен борбор калаанын мугалимдеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жаатында биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу маселеси козголду.

Борбор калаанын вице-мэри бул маселелердин маанилүүлүгүн белгилеп, муниципалитет ачык кызматташууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий