• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

18-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек. 17.11.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борборунун билдирүүсүнө караганда, эртең, 18-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен , Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ал эми күндүзү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.​

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -3…+2 градус, Талас облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -4…+1 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 градус суу болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8 градуска жетет.

Эртең борбор калаабыз Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…-2 градус жылуу болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий