• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Манас кең көчөсүнүн Бөкөнбаевден Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 31.07.18 /Кабар/. 31-июлдан тартып оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн Манас кең көчөсүнүн Бөкөнбаевден Горькийге чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Оңдоо иштери 1 айга чейин уланып, 28-августта аякташы пландалууда. Мамлекеттик каттоо кызматына Горький көчөсү тараптан кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Айдоочулар Панфилов көчөсүнүн чыгыш тарабы жана Бакаев (Чапаев) көчөсүнүн батыш тарабы менен жүрө алышат.

Ошондой эле 2-августтан тарта Тоголок молдо көчөсүнүн Баялинов жана Боталиев көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү жолдун реконструкциясына байланыштуу жабылат. Оңдоо иштери ушул жылдын октябрь айына чейин уланат. Алтернативдүү жол катары Оозбеков көчөсү пайдаланылат.

Мэрия жаралган ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурайт жана унаа жолдорунун багытын алдын ала пландап алуусун сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий