• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ошто майыптыгы бар балдар үчүн «Асман» маданий-чыгармачылык борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.12.23./Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы “Мээрим” балдар билим берүү борборунун алдында майыптыгы бар балдар жана жаштар үчүн «Асман»маданий-чыгармачылык борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн өкүлдөрү, Smile. KG коомдук фондунун жетекчиси Лариса Кузнецова жана ыктыярчылар катышты.

Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэриясына өнөктөш уюмдар, демөөрчү мекемелер, майыптыгы бар балдар, жаштар, алардын ата-энелеринин катышуусунда майыптыгы бар жаштардын бир катар маселелерин чечүү боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Анда мектепке чейинки, мектептеги жана кесиптик инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү маселеси каралып, координациялык кеңеш тарабынан аярлуу катмардагы балдарга карата аткарылган иш-аракеттер боюнча маалымат берилди.

Белгилей кетсек, жаңы ачылган маданий-чыгармачылык борборунда билимге муктаж болгон жаштар профессионалдуу адистердин жардамы менен чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн арттырышып, өз алдынча жашоо үчүн бизнес чөйрөдөгү көндүмдөргө ээ боло алышат.

Ошондой эле аталган категориядагы жарандарды социалдаштыруу боюнча окуу-семинарларды өткөрүү, психолог жана юристтен акысыз кеңеш берүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий