• 88.68
  • 95
  • 0.95

AFC Кубогу: канттык "Абдыш-Ата" түркмөнстандык "Мервди" 8:3 эсебинде утту

Спорт 0


Бишкек, 14.12.23./Кабар/. Канттын "Абдыш-Ата" футбол клубу түркмөнстандык "Мерв" клубу менен оюн өткөрдү.

Беттеш бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Эки таймдын жыйынтыгы менен 8:3 эсебинде "Абдыш-Ата" жеңишти илип кетти.

Эске салсак, 5-турдан кийин "Абдыш-Ата" 13 упай менен "Е" тайпасынын турнирдик жадыбалынын сап башында туруп, мөөнөттөн мурун турнирдин кийинки - плей-офф баскычына чыккан.

Эскерте кетсек, ата-мекендик клубдар арасында канттык команда АФК Кубогунун плей-офф баскычына жеткен алгачкы клуб болду.

Тайпалык этап аяктаган соң интерзоналдык жарым финал (2024-жылдын 6-7, 13-14 март күндөрү) жана интерзоналдык финалдын оюндары өтөт (17 жана 24-апрель күндөрү), аталган оюндар "үйдө жана конокто" форматында уюштурулат. Андан соң, башкы финалдык беттеш 2024-жылдын 5-майында орун алат.

Пикир

Оставить комментарий