• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Румынияда өткөн турнирде 3 медаль тагынышты

Спорт 0

Бишкек, 10.06.19./Кабар/. Кыргызстандын жеңил атлетчилери Румынияда өткөн эл аралык турнирде 3 медаль тагынышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш Кулж-Напока шаарында 7-8-июнь күндөрү өттү.

Өлкө намысын коргогон Анна Буланова 100 метр жана 200 метр аралыкта чуркап “күмүш” медалын жеңген.

Эркектер арасында Нурсултан Кеңешбеков 5000 метр аралыкта чуркап, экинчи орунду ээлеп, күмүш уткан.

Пикир

Оставить комментарий