• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көк бөрү: "Алкан-Ата" Биринчи лиганын жеңүүчүсү болду

Спорт 0

Бишкек. 21.03.19 /Кабар/. Нооруз майрамына карата өткөрүлүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештин Биринчи лигасында "Алкан-Ата" (Талас) командасы жеңүүчү болду.

"Ак-Кула" ипподромунда өткөн финалдык беттеште "Алкан-Ата" Бишкектин "Келечек" командасын 5:1 эсебинде жеңип алды.

Биринчи лигада үчүнчү орунду Ак-Талаанын районун "Соң-Көл" командасы ээледи.

Эске салсак, Жогорку лиганын финалында бүгүн Оштун "Достук" командасы менен Таластын "Ынтымак" командасы беттешет. Оюн 13:00 башталат.

Пикир

Оставить комментарий