• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкөнүн ачык чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкөнүн ачык чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 10-11-январь күндөрү Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында болуп, ага 16-17-18 жана андан жогорку жаштагылар катышты.

Жарышка Казакстандын жөө күлүктөрү, Кыргызстандын 5 облусунан жана Ош, Бишкек шаарынан спортчулар күч сынашты. Жалпы жонунан 200дөй жөө күлүк алтын медаль үчүн жарышты.

Мелдештин катышуучулары узундукка секирүү, бийиктикке секирүү, оор түртүү, 60, 200, 400, 800, 1500, 3 миң метр аралыкка чуркоо жана тоскоолдуктар менен 60 метрге жүгүрүү боюнча жарышка түшүштү.

Пикир

Оставить комментарий