• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги №1 тергөө абагында 35 жаштагы айыпталуучу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Бишкектеги №1 тергөө абагында айыпталуучу каза болду. Маалыматты Жазаларды аткаруу кызматынан тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, 28-августта болжол менен 05:40тар чамасында эртең мененки тамакты таратуу учурунда мурда соттолгон Чүй облусунун тургуну 1987-жылы туулган К.И.М. эс учун жоготкон абалда табылган.

Ал №1 тергөө абагына үстүбүздөгү жылдын 26-августунда сот тарабынан аныкталган 9 айдан ашык мөөнөтүн аягына чыкпай Чүй районундагы камактан качып кеткени үчүн камалган.

Нөөмөттө турган фельдшер чакырылып, К.И.М.ге биринчи медициналык жардам көрсөткөн, бирок бул натыйжа берген эмес. Ошентип, тез жардам кызматы келип, 0:26да өлүмдү тастыкташкан.

Жазаларды аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайынталып, анын жыйынтыгында каза болгон жарандын денесинде жабыркаган белгилер аныкталган эмес. Так диагноз коюу соттук-медициналык экспертиза дайындалган күндөн тартып 30 күндөн кем эмес убакытты талап кылынат.

Азыркы учурда Жазаларды аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү жургүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий