• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде жылдын мыкты ички иштер бөлүмү жана ардагерлер кеңеши аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Баткен облустук милициясында 2021-жылдын ичинде аткарган ишинин жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-январда Баткен облусунун аймагында милиция кызматкерлеринин жер-жерлердеги аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу жана келерки жылга аткарыла турган иштерди мерчемдөө, мындан ары эл арасында, чек аралаш аймактарда алдын алуу иштерин жандандыруу максатында жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Баткен облустук милициянын жетекчилиги, бөлүм башчылар, район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери жана алардын орун басарлары, айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчылары катышты.

2021-жыл ичинде коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кесиптик чеберчилиги, кызматтык милдеттерине ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөгөн кызматкерлерге, башкача айтканда, өз кесибинин мыктыларына, ошондой эле мыкты ардагерлер кеңеши кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө Баткен облустук милициянын атайын дипломдору, тасмасы жана вымпелдери тапшырылды.

Кадамжай райондук милициясы "Мыкты ички иштер бөлүмү" болуп, 1-даражадагы диплом жана вымпел, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өткөрүлүп берүүчү "Кызыл туусу" менен сыйланды.

2-орунга Баткен райондук милициясы, 3-орунга Кызыл-Кыя шаардык милициясы ээ болушту.

Ал эми “Мыкты ардагерлер кеңеши” наамына Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы Каримберди Саттаров ээ болуп, 1-орунду ээледи. 2-орунга Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы Алимбек Боронов татыды. Ал эми 3-орунга Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы Мийзам Исманов ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий