• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Корея өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча макулдашууну ратификациялоо жана мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Кошумча макулдашуу кайтарымсыз жардам программаларын ишке ашыруу аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Кошумча макулдашууда аталган Алкактык макулдашуунун 6-беренесинин 1-пунктуна ылайык KOICA өкүлчүлүгүнүн, персоналынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн негизги артыкчылыктары жана иммунитеттери жазылган.

Кошумча макулдашуунун текстине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети KOIСАнын өкүлдөрүнө жана кызматкерлерине атайын эл аралык артыкчылыктар жана иммунитеттер статусун берүү жана бардык мамлекеттик уюмдар менен кызматташууну камсыз кылуу үчүн аккредитациялык картаны берет.

Пикир

Оставить комментарий