• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Катардын элчисин дипмиссиясы аяктаганына байланыштуу кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Катар Мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмад Аль-Сулайтини анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Садыр Жапаров жакында эле Катар менен Кыргызстандын кызматташтыгында гана эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катнашта тарыхый мааниси бар Катар Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин мамлекеттик сапарын уюштуруудагы Элчинин чоң салымын белгиледи.

Президент бул сапардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашырууга эки тараптын умтулуусуна басым жасап, жаңы деңгээлге чыккан кыргыз-катар кызматташтыгын белгилеп өттү.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн дипломатиялык мамилелердин 25 жыл аралыгында саясий кызматташтык активдүү жүргүзүлүп, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарлар жана бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлгөнүн баса белгиледи.

Катардын Элчиси Абдулла бин Ахмад Аль-Сулайти мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын бардык жылдарында ал өлкөдө ийгиликтүү иштөөгө мүмкүндүк берген колдоону жана достук мамилени сезгенин белгиледи.

Элчи эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгилеп, президент Садыр Жапаровдун кыргыз-катар мамилелерин чыңдоого кошкон жеке салымын жогору баалады.

Тараптар өз ара ишенимге жана урматтоого негизделген эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө жана ар тараптуу өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий