• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент "Бишкекнаабайкана" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент 0


Бишкек, 07.07.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарындагы "Бишкекнаабайкана" муниципалдык ишканасына барды.

Мамлекет башчысы ишкананын ишмердиги, өндүрүш технологиясы менен таанышып, жетекчилик менен иштин өзгөчөлүктөрүн талкуулады.

Президентке маалымдалгандай, наабайкана муниципалдык социалдык объектилерди жана мекемелерди, атап айтканда, бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды жана калктын социалдык аялуу катмарын нан азыктары, кондитердик жана башка жеткиликтүү баадагы продукциялар менен камсыз кылат.

Ишкананын өзүнүн лабораториясы бар, ал өндүрүлгөн нан азыктарынын жогорку сапатын камсыздайт.

Ишканада өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 20 миң даанага чейин нан чыгарган нан бышыруучу жабдуулар иштейт.

Өндүрүш процессинде эң жогорку сапаттагы продукцияны минималдуу ресурстарды сарптоо менен алууга мүмкүндүк берген алдыңкы технология колдонулат, бул өндүрүш циклинин ичинде адамдын продукция менен байланышын жарым-жартылай жок кылат.

Үстүбүздөгү жылдын 6 айында ишканада 83 тонна нан өндүрүлгөн. Бирок, бүгүнкү күндө өндүрүштүк кубаттуулуктун 25-30% гана иштеп жатат. Наабайкана өз ишин чарбалык эсептөө жана өзүн-өзү каржылоо шарттарында жүргүзөт.

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына муниципалдык наабайкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле Мамлекет башчысы мамлекеттик түзүмдөргө, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо объекттерине, ички иштер органдарына жана башкаларга өз муктаждыктары үчүн продукциясы кепилденген сапатка жана жеткиликтүү баага ээ болгон "Бишкекнаабайкана" ишканасынан нан азыктарын сатып алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий