• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун башчысы Токтогул районунда эл менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Токтогул районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууда өткөн жылы өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн район тургундары менен жолугушуусунун натыйжалары боюнча маалымат берилди. Анда жарандар тарабынан аймактагы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык, сугат суу, таза суу, жеке укуктук маселелери боюнча 52 кайрылуу келип түшкөн. Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн 69 пайыз чечилип, калган маселелер аткарууга алынган.

"Бүгүнкү жыйында 2022-жылдагы эл менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы боюнча маалымат берилип, учурдагы жарандардын көйгөйлүү маселелерди айтылды. Мында Токтогул районунда гемодиализ борборунун жоктугунан оорулуулар борборго каттап кыйынчылык жаралып жатканы белгиленди. Маселени чечүүдө облус башчысы гемодиализ борборун ачууну көздөп жаткан жеке ишкердин документ иштерине жардам берилерин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле айылдардагы сугат суу, таза суу, жайыт көйгөйлөрү орчундуу экени белгиленди. Иштин жүрүшү тууралуу облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери тарабынан жеринде маалымат берилди. Облус башчысы жайында көтөрүлгөн ар бир маселе протоколдоштурулуп, тийиштүү жумуштар колго алынаарын кошумчалады.

Ушундай эле жолугушуу Токтогул районунун Үч-Терек айылында да өттү. Жыйынга Кызыл-Өзгөрүш жана Ничке-Сай айылынын тургундары да катышты.

Пикир

Оставить комментарий