• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын 30 жылдыгы белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Эртең, 23 – ноябрда Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын 30 жылдыгы белгиленет. Иш-чара саат 14:0дө башталат, - деп билдирет Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш – чарада “Б. Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри”, “Нуска” фольклер тобу", “Заман” этно- фольклер тобу, эстрада ырчылары жана бий топтору коштойт.

Ош облустук Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын Кыргыз ССР министрлер советинин буйругу менен ачылып, жалпы 53 адам эмгектенген.

1994-жылы 15-ноябрда Ош облустук мамлекеттик администрациясынын токтомунун негизинде филармонияга кыргыз элинин таланттуу композитору Рыспай Абдыкадыровдун ысымы ыйгарылган.

Филармониянын алгачкы бет ачаар концерти 1988-жылдын 18-майында Ош кыргыз драма театрында коюлган. Учурда филармонияны Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий