• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эгемендүүлүккө 30 жыл. Ысык-Көлдө биринчи Улуттук музей форуму өтөт

Маданият 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. 8-11-сентябрда Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгынын алкагында «Туруктуу музей: Аймактарды өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү» аттуу Биринчи Улуттук музей форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, форум Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизация борборунда башталып, Борбордук Азия университетинин Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмү тарабынан түзүлгөн “Эсте калган элестер” аттуу Үркүн элдик боштондук кыймылынын интерактивдүү көргөзмөсүнүн ачылышы менен Каракол шаарында уланат.

Форумдун максаты – Улуттук музей форумунун уюштуруу аркылуу көз карандысыз коомдук жана маданий мекемелер катары музейлердин ролун күчөтүү. Музейлерибизди жана алардын уникалдуу коллекцияларын сактоо жана өнүктүрүү боюнча аракеттерибизди бириктире турган масштабдуу музей форумун уюштуруу, музей тармагын жандандырат, музей коомчулугунун көйгөйлөрүнө жана ийгиликтерине көңүл бурат, алар, албетте бар, бирок облустук музейлердин ишмердүүлүгү тууралуу толук маалымат жок. Семинар музейлердин туруктуу моделдерин түзүүгө салым кошуп, музей жашоосундагы маанилүү окуяга айланат, республикалык музейлерди консолидациялоого жана жергиликтүү жамааттардын жашоо сапатын жогорулатуу жана жакшыртуу боюнча демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Катышуучулар - Кыргызстандын бардык аймактарынан келген музей адистери. Учурда өлкөдө 58 мамлекеттик музей жана ар кандай профилдеги 100дөн кем эмес музейлер бар, алардын арасында – мамлекеттик, ведомстволук, университет, мектеп жана жеке музейлер. Форумга катышуу үчүн музейлердин алдыңкы эксперттери чакырылат, алар кийинчерээк өз аймактарында музей ишин өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн ресурстук методикалык борборлорго айланат.

Уюштуруучулар:

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;

- ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы;

- Туруктуу өнүгүү стратегия институту (ИСУР);

- ИКОМдун Кыргызстандагы Улуттук комитети;

- «Кыргыз Республикасынын Музейлер Консорциуму» ассоциациясы;

- Борбордук Азия университетинин Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмү;

- Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизация борбору.

Пикир

Оставить комментарий