• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Айкөл" тобунун негиздөөчүсү музыкалык окуу жайдын директору болду

Маданият 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. “Айкөл” фольклордук-эстрадалык ансамблинин негиздөөчүсү, жетекчиси Советжан Асанкадыр Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматына дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри койгон.

Ведомстводон белгилешкендей, жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка маданият министри Азамат Жаманкулов тааныштырды.

Буга чейин аталган окуу жайдын директору болуп КР эл артисти Тентимиш Мураталиев эмгектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий