• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте төкмө акындардын республикалык айтышы өттү

Маданият 0

Бишкек, 28.11.23./Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акиевдин 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Айтыш 14 акындын арасында жүрүп, баш байгени Асылбек Маратов илип кетти. Ага 150 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

  • 1-орунду төкмө акын Акматбек Султан уулу - 120 миң сом;
  • 2-орунду Мамбеттокто Мамбеторозо - 100 миң сом;
  • 3-орунду Баян Акматов алды - 80 миң сом.

Ал эми айтышка катышкан калган 10 акын 45 миң сомдон кызыктыруучу сыйлык катары акчалай байге менен сыйланды.

Акчалай сыйлыктан сырткары акындарга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Жумгал райондук администрациясынын атайын сыйлык жана ардак громаталары тапшырылды.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова катышты.

Эске сала кетсек, жалпы байге фонду 1 млн сомду түзгөн аталган айтыштын тандоо туру 15- ноябрда Бишкекте өткөн.

Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акиевдин 140 жылдык мааракесине карата өткөн айтышты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы биргеликте президенттин “Улуттук нарк жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий