• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык эки актриса Екатеринбургдагы эл аралык театр фестивалында мыкты болду

Маданият 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Кыргызстандык эки актриса Екатеринбургда өткөн эл аралык театр фестивалында мыкты болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Екатеринбургда заманбап драматургиянын «Коляда-Plays» эл аралык театр фестивалы аяктады.

Фестивалдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан эки таланттуу актрисалар мыкты деп табылды:

- Аялдын мыкты ролу - Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова, Николай Коляданын пьесасы боюнча "Экөө" (Старая зайчиха) спектакли, режиссеру У. Карыпбаев. Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры;

- Экинчи пландагы эң мыкты актриса - Марина Фальман, Николай Коляданын пьесасы боюнча "Баба Шанель" спектакли, режиссеру Вячеслав Виттих, Ч. Айтматов атындагы Орус улуттук драма театры.

Белгилей кетсек, фестиваль 20-30-июнь күндөрү Екатеринбургдагы сегиз театралдык аянтчада өткөн. Ага жалпысынан 70 арыз берилип, афишага Урал раматургдарынын пьесалары боюнча коюлган 30 спектакль киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий