• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында КР "Эмгек баатыры", маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана маданият министри Алтынбек Максутов жана Улттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков сөз сүйлөп, КР Эмгек баатыры артыкчылык даражасы ардактуу наамынын ээси Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдык мааракесине келген жакын туугандарын жана катышуучуларды мааракелик иш-чара менен куттукташты.

Анда Түмөнбай Байзаковду кыргыз журтчулугу улуу акын, котормочу жана кыргыз элин жана кооз жаратылышын сүрөттөгөн “Кыргыз жери” чыгармасынын автору катары тааный тургандыгын, ал ырды уккан ар бир жаранды мекенчилдикке жана асыл сапаттарга ээ жетелей тургандыгын белгилешти.

Ошондой эле акындын 100 жылдык мааракеси 2023-жылы мамлекеттик деңгээлде өткөрүлө турган юбилейлик иш-чаралардын тизмегине киргизилгендиги айтылып, көзү өтсө да, кыргыз коомчулугу үчүн жасаган эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, Түмөнбай Байзаковго Кыргыз Республикасынын Эмгек баатыры артыкчылык даражасы ардактуу наамын ыйгарылгандыгы баса белгиленди.

Андан соң сөз Түмөнбай Байзаковдун небереси Султан Байзаковго берилип, ал мамлекеттик деңгээлде белгиленип жаткан иш-чаранын өтүп жатышына кубанып жана сыймыктанып жатканын, ошондой эле салтанаттуу иш- чараны уюштуруп өткөрүүдө башында турган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Министрлер Кабинетине ыраазычылык билдирди.

Кыргыз адабияттын өнүгүшүнө зор салымын кошкон, өз өмүрүн чыгармачылыкка жана басма ишине арнаган Түмөн Байзаковдун салтанаттуу иш- чарасында атайын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган даректүү тасма көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий