• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абаддагы Токтогул паркында оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы паркта учурда оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ушул тапта тротуарларга брусчатка төшөлүп, фонтан жаңыланууда. Алдыда отургучтар орнотулуп, көрктөндүрүү, жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт.

Курулуш Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.

Белгилей кетсек, аталган парк 1960-жылдары негизделген. Андан бери ар кайсыл бөлүгүндө оңдоп-түзөө, брусчатка басуу жана асфальт төшөө сыяктуу иштер жүргүзүлгөн. Ал эми толук реконструкциялоо иши жүргөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий