• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Араван районундагы өрт коопсуздук талаптарын сактабаган эки ишканага айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Араван районунда жайгашкан “Потенциал ” жана “Ак-Ниет ” ишканалары өрт коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамэкотехинспекциянын Ноокат жана Араван региондор аралык башкармалыгы тарабынан Чек-Абад айыл өкмөтүндө жайгашкан “Потенциал” ЖЧКсы жана С.Юсупов айыл өкмөтүндө жайгашкан “Ак-Ниет" ЖЧКсы пахта заводдорунда өрт коопсуздук эрежелери боюнча контролдук текшерүү жүргүзүлүп, буга чейин берилген көрсөтмөлөр толук кандуу аткарылбагандыгы аныкталган.

"Ишканаларда өрт коопсуздук эрежелерин аткарбаган пункт 35 имараттын жыгач устундары өрткө каршы атайын сырдуу заттары менен сырдалган эмес, автоматикалык түрдө билдирүүчү жабдыгы менен орнотулган эмес, имараттын айланасындагы өрткө каршы суу көлмөсү жана суу сактоочу резевуар камсыз болбогондугу аныкталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Тиешелүү актылар түзүлүп, ишкана башчыларына 26 миң сом өлчөмүндө айып салынып өндүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий