• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда жалпы республикалык тест өтүүчү имараттар залалсыздандырылды

Аймак 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Ош облусунда жалпы республикалык тест өтүүчү имараттар залалсыздандырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнда ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөрү тарабынан коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча залалсыздандыруу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, Араван районунун Тепе-Коргон, Нурабад, Чек-Абад айыл аймактарынын борбордук көчөлөрүнө жана А.Новои мектебинин айланасына, жалпы 46 000 м² жер аянтына хлор аралашмасы чачылды.

Ноокат районундагы Барын, Медегос үй-үлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына жана Барын көчөсүнө, Ноокат районунда жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлүүчү Беруний, Абдуваитов жана Кок-Жар орто мектептеринде залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, облустун аймагындагы ички чарбалык жолдорунда, анда жайгашкан банк, дарыкана, мекеме ишканаларда жана кичи базарларда залалсыздандыруу иштери менен бирге катуу үн чыгаруучу аппараттын жардамы менен илдетке каршы түшүндүрүү иштери улантылууда.

Дезинфекциялоо иштери өлкөнүн бардык аймагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий