• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун Таштак айылында 50 орундуу бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл аймагынын Таштак айылында 50 орундуу бала бакчанын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

Бала бакча КР министрлер кабинети жана Германия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашырылган “Коммуналдык инфраструктураны каржылоо, 3-этап” айылдык инвестициялар үчүнчү долбоорунун алкагында курулган.

Бүгүнкү күндө Барпы айыл аймагында 3 жаштан 6 жашка чейинки курактагы 3800 бала жашайт. Айылдын жашоочулары тарабынан көтөрүлгөн башкы көйгөйлөрдүн бири бала бакчанын жоктугу болгон. Жашоочуларга балдарды Жалал-Абад шаары жана башка айыл аймактарынын бала бакчаларына жөнөтүүгө туура келген. Бул албетте ыңгайсыздыктарды пайда кылган. Ата-энелер жана балдар жакын арадагы мектепке чейинки мекемелерге жетүү үчүн өтө көп убакытты коротууга мажбур болуп келишкен. Эми жергиликтүү жашоочулар айылдын чегинен чыкпастан эле балдарды бала бакчага орноштуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ, ал эми бөбөктөр акыры мектепке сапаттуу даярдоо мүмкүнчүлүгүн алышты.

Бала бакчанын имаратында 2 ойноочу бөлмө, 2 уктоочу бөлмө, балдар үчүн 2 санитардык түйүн жана тарбиячылар үчүн санитардык түйүн, 2 чечинүүчү жай, медициналык бөлмө, ашкана, кир жуучу жай бар.

Бала бакчанын аймагына оюн аянтчалары, эс алууга арналган чатырчалар, сырткы даараткана курулган жана жакшыртуу, жашылдандыруу боюнча жумуштар аткарылган. Бала бакча балдарды окутуу жана тарбиялоо үчүн бардык зарыл болгон эмерек, техника жана жабдуулар менен жабдылган.

Белгилей кетсек, объекттин жалпы наркы 14 471 383,91 сомду түздү, алардын ичинен долбоордун салымы - 12 632 347,23 сом, айыл өкмөтүнүн салымы - 1 839 036,68 сом. Айтмакчы, белгиленген долбоордун алкагында бардыгы болуп 9 - Жалал-Абад облусунда 5, Баткен облусунда 3, Ош облусунда 1 бала бакча курулган.

Пикир

Оставить комментарий