• 88.68
  • 95
  • 0.95

Калык Акиевдин 140 жылдыгына арналган айтышка катышчу акындар тандалды

Маданият 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-ноябрда Кыргыз улуттук консерваториясында Кыргыз ССРнини Эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдыгына арналган республикалык айтыштын тандоо туру болуп өттү.

"Манас" театрынан билдиришкендей, айтыштын тандоо туруна жалпысынан 40 акын катышып, калыстардын тандоосу менен 14 акын тандалып алынды.

Тандоо турунан өткөн акындар:

1. Азамат Болгонбаев - 70 упай
2. Баян Акматов -70 упай
3. Чыңгызхан Кожошов- 70 упай
4. Асылбек Маратов- 70 упай
5. Акматбек Султан уулу - 70 упай
6. Садырбек Турдубек уулу - 70 упай
7. Мамбеттокто Мамбеторозо -70 упай
8. Темирбек Матыбаев -70 упай
9. Элмирбек Иманалиев -70 упай
10. Амантай Кутманалиев - 69 упай
11. Изат Айдаркулова - 69 упай
12. Турат Жумаев - 69 упай
13. Арген Биймырза уулу - 69 упай
14. Абдубали Акимбеков - 67 упай.

Тандоо турдан өткөн акындар 27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтчү жарым жана финалдык айтышка катышат.

Пикир

Оставить комментарий