• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы эми Японияда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 20.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 17-мартта фильмди көрсөтүүгө укук алган Bitters End компаниясынын маалыматы боюнча, Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы Японияда көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу кыргыз киносунун сайтында маалымдалат.

Тасманын алгачкы бет ачаары Токиодогу артхаус байыркы Iwanami Hall кино театрында көрсөтүлгөн.

Кийинчерээк тасмасы Япониянын төмөнкү шаарларында коюлат: Токио, Иокогама, Кавасаки, Цукуба, Такасаки, Саппоро, Мориока, Сендай, Ямагата, Ниигата, Нагано, Мацумото, Канадзава, Нагоя, Миэ, Сидзуока, Хамамацу, Умэда, Киото, Кобе, Окаяма, Хиросима, Мацуяма, Фукуока, Кумамото, Оита, Миядзаки, Кагосима, Окинава.

Эске сала кетсек, 22-ноябрда режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы Токиодо (Япония) эл аралык Tokyo Filmex фестивалында көрсөтүлдү. Иш-чара 18нен 26-ноябрь аралыгында өтөт.

Маалым болгондой, япониянын көрүүчүлөрдү Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир”, “Маймыл” жана “Свет аке” тасмалары менен тааныш. Анткени ал тасмалар Японияда кино фестивалдарда көрсөтүлчү.

"Кентавр" - өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына аракет кылган адам тууралуу тасма.

Пикир

Оставить комментарий