• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жаш кыргыз режиссердун “Калифорния” тасмасы көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 26.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте Дастан Мадалбековдун “Калифорния” аталыштагы кыска метраждуу тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу кыргыз киносунун сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, ачылышы 30-январда Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө 14:00дө болот. Тасма С.Герасимов атындагы Жалпы россиялык мамлекеттик киноматография институтунун студенти Дастан Маадалбеков тарабынан тартылган.

Кирүү акысыз.

Тасма – рэпке кызыккан жаш москвалык бала тууралуу. Анын ата-энеси Кыргызстандан келген мигранттар, бирок каарман Москвада төрөлүп, чоңойгон болот. Бала Калифорнияга кетүүнү эңсейт, бирок атасы “баласын Мекенине кайтарууну” каалайт.

Пикир

Оставить комментарий