• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Кыргызстан – келечектүү жана туруктуу өлкө” аттуу флешмоб өттү

Маданият 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Күн мурун, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, ага караштуу Туризм департаменти, KOICAнын алдындагы "MDK Silk Road" кореялык уюму менен биргеликте “Ала-Тоо” борбордук аянтында “Кыргызстан - келечектин жана туруктуулуктун өлкөсү” туристтик флешмобун өткөрдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чаранын максаты - туристтик потенциалды кеңири жайылтуу, өлкөнүн жагымдуу имиджин жогорулатуу, туризм тармагын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү, дүйнөлүк коомчулукка Кыргыз Республикасында туруктуу акыбал байкалгандыгы жөнүндө жарыялоо.

Флешмобдун алкагында улуттук эстрада жылдыздары, белгилүү комузчулар, президенттик камералык оркестр, саламаттыкты сактоо кызматкерлери (дарыгерлер, медайымдар) жана “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери, белгилүү бий топтору өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Флешмобдун алкагында туристтик видеолор түзүлүп, алар YouTube, Facebook, Instagram социалдык тармактарына жайгаштырылат, ошондой эле дипломатиялык каналдар аркылуу таратылат.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, иш-ара тиешелүү санитардык нормаларды сактоо менен өткөрүлдү.

Сүрөттөр Данияр Жаркынбаевге таандык

Пикир

Оставить комментарий