• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Түркмөнстандын маданият жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Нура Голлиев менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Тактап айтканда, Алтынбек Максутов Кыргызстан эгемендик алгандан бери Түркмөнстан менен эки тараптуу мамилелери достук, өз ара урматтоо жана маданий-гуманитардык багытта өнүгүп жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле 2023-жылы Ашхабад шаарында өткөн "Бакыт доорунун театр искусствосу" эл аралык фестивалынын жыйынына Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театры "Махтумкули Фраги" спектакли менен катышканын, Бишкекте өткөн "Айтматов жана театр" эл аралык театр фестивалы тууралуу айтып, Лебап шаарындагы түркмөн музыкалык драма театрынын чыгармачыл жамааты Ч. Айтматовдун "Ак- кеме" спектаклин Перхат Худайбереновдун сахналаштыруусуна тартуулап, фестивалдын уюштуруучуларынан атайын сыйлык алгандыгын белгиледи.

Министр ошондой эле түркмөн элинин улуу акыны Махтумкули Фраганын 300 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Өз кезегинде Нура Голлиев министрге жолугушууга убакыт бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, түркмөн элинин улуу акыны Махтумкули Фраганын 300 жылдыгын кеңири белгилене тургандыгы тууралуу айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий