• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандан Германияга квалификациялуу жумушчу күчүн тартуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Кыргызстандан Германияга квалификациялуу жумушчу күчүн тартуу иштери уланууда. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Гамбург шаарында LUNO Group компаниясынын жетекчиси Мирко Новактын жардамы менен Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин Гамбург кесиптик билим берүү институту жана COGNOS International сыяктуу германиялык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жогоруда аталган компаниялардын ишмердүүлүгү, ошондой эле Кыргызстандан квалификациялуу кадрларды тартууга кызыкдарлыгы тууралуу маалымат берилди.

Өз кезегинде элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германия менен кызматташуунун потенциалы тууралуу кеңири айтып берди, анын ичинде Кыргызстандан эмгек ресурстарын даярдоо жана жөнөтүү жаатында Элчилик тарабынан буга чейин жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Ошондой эле Кыргызстандан Германияга квалификациялуу кадрларды тартуу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, бул процессти уюштуруудагы орун алган кыйынчылыктар талкууланып, тиешелүү тармактарда кызматташууну кеңейтүү максатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий