• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Белгилүү ырчы Эркин Мукашев “Элес” тобунун экс-солисти Айдин Жумалиевге арнап ыр чыгарды

Коом 0


Бишкек, 9.11.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Белгилүү ырчы Эркин Мукашев “Элес” тобунун экс-солисти Айдин Жумалиевдин элесине арнап ыр чыгарды. Жумалиев 2017-жылдын 3-ноябрында каза болгон.

Ыр “Кош бол, досум” деп аталып, сөзү жана аткаруусу Эркин Мукашевге таандык.

Жумалиев “Элес” тобу түзүлгөндөн бери анын курамында болгон. Коллектив 1985-жылы түзүлүп, азыркы күнгө чейин бар. Ушул аралыкта топ бардыгы болуп 5 альбом чыгарганга жетишкен.

Айдин Жумалиев 51 жашында каза болду. Музыкант боор оорусу менен жабыркап келген.

Пикир

Оставить комментарий