• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 09.11.17 /Кабар/. 8-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз-россиялык мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди VI Санкт-Петербургдагы эл аралык маданий форумдун ачылыш аземине катышууга чакырды.

Форум дүйнөлүк деңгээлдеги маданий окуя болуп саналат. Форумдун салтанаттуу ачылышы 2017-жылдын 17-ноябрында Мариин театрынын жаңы сахнасында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий