• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын президенти жана биринчи айымы Киотодо чай аземине катышты

Президент 0


Бишкек, 18.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 18-ноябрда, Киото шаарында чай аземине катышты.

Мамлекет башчысына жана анын жубайына чай даярдоонун өзгөчөлүктөрү, Японияда чай ичүү каада-салттары жөнүндө кеңири айтып беришип, андан соң чай аземинин чебери даамдуу суусундук сунду.

Японияда чай ичүү - бул бүтүндөй бир искусство. Япон тилинде "чай аземи" деген сөз айкашы садо (тядо) деп айтылат, бул сөзмө-сөз "чай жолу" дегенди билдирет.

Пикир

Оставить комментарий