• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган Жарлык Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында чыгарылды.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү.

Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий