• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Бүгүн ЕАЭБ тез өнүгүү позициясындагы интеграциялык бирикме

Президент 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. «ЕАЭБдин натыйжалуулугу анын мүчөлөрүнүн ортосунда дагы, үчүнчү өлкөлөр менен дагы бирдей атаандаштык шарттарды түзүү жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кеңири курамдагы мааракелик жыйынында.

Мамлекет башчысы жыйындын катышуучуларын евразиялык интеграциянын беш жылдык мааракеси менен куттуктап, Биримдиктин толук кандуу иштешине салым кошуп жаткандардын баарына ыраазычылык билдирди.

«Беш жылдык мөөнөттү жыйынтыктап жатып, биз бүгүн бул адамдардын эмгегин адилеттүү баалашыбыз керек. Биз „Евразиялык экономикалык биримдиктин өнүгүшүнө кошкон салым үчүн“ медалы менен сыйлоо жөнүндө чечимге кол коёбуз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ЕАЭБди түзүүдөгү Казакстандын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин өзгөчө ролун белгиледи.

«Евразия жөнүндө көптөгөн улуу адамдар кыялданган. Алгачкы жолу бул тууралуу 1921-жылы князь Николай Сергеевич Трубецкой билдирген. Кийин Лев Николаевич Гумилев этносторду жана ландшафттарды айкалыштыруу идеясын өнүктүргөн. Бирок Нурсултан Абишевич Назарбаев гана Трубецкой жана Гумилевдун кыялын ишке ашыра алды. 25 жыл мурда урматтуу Нурсултан Абишевич идеяны алып чыгып, евразиялык интеграцияны түзүүнүн фундаментин түздү. 2014-жылы биздин акылман Аксакал биртоп аракеттерди көрүп, Россиянын жана Белоруссиянын Президенттери менен биргеликте Евразиялык экономикалык биримдикти түздү», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Армениянын жана Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу Биримдиктин чектерин кеңейтип, башка өлкөлөрдүн кызыгуусун арттырганын белгиледи.

Мамлекет башчысы белгилегендей, глобалдык экономикалык чакырыктардын таасир этүүсүнө карабастан, Биримдиктин калыптануусу улантылууда. Бүгүн ЕАЭБ тез өнүгүү позициясындагы интеграциялык бирикме. Мына ушул өнүгүү тенденциясын сактоо маанилүү. Бул максатка жетүү үчүн Биримдиктин артыкчылыктуу багыттарын алдыга жылдыруу зарыл. Президент багыттардын бири катары санариптик күн тартибин ишке ашырууну атады.

«Бизде айрым жыйынтыктар бар. Мындан ары дагы бизнес жана мамлекеттик тармактар үчүн жалпы санариптик процессти түзүү зарыл. Биз 2025-жылга чейин Биримдиктин санариптик күн тартибин ишке ашыруу максатында мамлекет жана бизнестин биргеликте аракеттешүүсүн жактайбыз. Өнүгүүнүн бул багытынын алкагында мен үстүбүздөгү жылды Кыргыз Республикасында „Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү“ жылы деп жарыяладым», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ошондой эле бирдиктүү эмгек ресурстарын түзүүнүн маанисин баса белгиледи.

«Пенсиялык камсыздоо жөнүндө Макулдашууга кол коюу Биримдиктин эмгекчилеринин тең укуктуулугуна жетишүүдө чоң кадам болооруна ишенем. Биримдиктин укуктук базасын жакшыртуу жолу менен эмгектенгендер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштерди улантуу зарыл деп эсептейм», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы дагы бир маанилүү багыт катары ЕАЭБдин ички рыногунда тоскоолдуктарды жоюу маселесин атады. Биримдиктин натыйжалуулугу анын мүчөлөрүнүн ортосунда жана үчүнчү өлкөлөр менен дагы бирдей атаандаштык шарттарын түзүү жөндөмдүүлүгүнөн көз карандылыгын белгиледи.

«Бирок тоскоолдуктар жана чектөөлөрдүн саны өсүп жатканы байкалууда. Кыргыз Республикасы бул планда аларды жоюу боюнча системалуу иштердин болушун жактайт», — деп айтты Президент.

Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков акыркы мезгилде бажылык төлөмдөрдү жаап-жашыруу боюнча Кыргызстандын дарегине сын-пикирлер көбөйүп жатканын баса белгилеп, Биримдиктин тышкы чек арасында бажы көзөмөлүнүн ачык-айкын жана калыс өткөрүлүшүнө кызыкдар экенин билдирди.

«ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнүн жана Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрүнөн турган кызыкдар тараптардын катышуусу менен „үч жолку“ бажы көзөмөлүн өткөрүүнү сунуштайм. Биргелешкен көзөмөлдүн чыгарган жыйынтыктары жана чечимдери жалпы коомго ачык болушу керек. Мындай процедура бир өлкөнүн экинчи өлкөгө болгон дооматын жокко чыгармак», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБдин институционалдык системасын жакшыртуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын бир нече жолу белгилегенин эске салды. Буга байланыштуу Президент Евразиялык экономикалык комиссиянын Биримдиктин иштиктүү органы катары укуктарын күчөтүү керектигин белгиледи.

«Мен ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикаларынын ортосундагы чоң айырмачылыкка байланышкан актуалдуу маселеге көңүл бургум келип жатат. Биримдиктин өлкөлөрүнүн ортосундагы айырмачылыктын сакталыш тенденциясы жалпысынан Евразиялык интеграциянын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Биз экономикаларды бекемдөө жана алардын шайкеш өнүгүүсү жана жакындоосун камсыз кылуу маселеси боюнча бир чечимге келишибиз керек. Комиссияга экономикалары кичи өлкөлөрдү колдоо жана өнүктүрүү боюнча ар кандай механизмдерин анализдөө жүргүзүүгө тапшырма берүүнү сунуштайм», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков жалпы электроэнергетикалык рынокту жөнгө салуу боюнча бир органды түзүүнүн максаттуулугун карап чыгууну сунуш кылды.

«Көзөмөлдөөнүн жаңы тармактарынын пайда болуусу натыйжалуу башкарууну жана ага ылайык Биримдиктин жаңы органдарын түзүүнү талап кылат. Кыргыз Республикасы өзүнүн электрэнергетикалык потенциалын эске алуу менен мындай органды өзүнө жайгаштырууга даяр», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков күчтүү, ишенимдүү жана гүлдөп-өнүккөн Биримдикти түзүү боюнча жалпы белгиленген максаттарга жетүү үчүн биргелешкен аракеттерди консолидация кылуу зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий