• 88.68
  • 95
  • 0.95

Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүндө жаш жоокерлер ант берди

Коом 0

Бишкек, 18.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-ноябрда Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүндө күзгү чакырык менен келген жаш жоокерлердин салтанаттуу ант берүү аземи болуп өттү.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бир ай бою тажрыйбалуу офицерлердин, старшиналардын жана сержанттардын жетекчилиги астында жаш жоокер күчөтүлгөн программадан өтүштү.

Алсак, белгиленген күн тартибин жана жалпы аскердик уставдарды окуп, тактикалык жана саптык даярдыгын өздөштүрүп, аскердик милдеттерин андан ары аткарууга даярданышты.

Иш-чара салтанаттуу саптык жүрүш менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий