• 88.68
  • 95
  • 0.95

Калыс-Ордо конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Бишкектин Калыс-Ордо конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда 1-блоктун темир-бетон каркасы толук бүтүп, чатырын жабуу, кирпич дубалдарды жана тосмолорду орнотуу иштери жүрүп жатат. 2-блоктун темир-бетон орнотуу иштери, ошондой эле сырткы инжинердик тармактарын куруу иштери уланууда.

Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аянты - 1 390 чарчы метрди, жалпы аянты - 0,68 гектарды түзөт.

Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн-зоок, буфет, ашкана, жуунуучу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар каралган.

Пикир

Оставить комментарий