• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Ардагер” автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилди

Коом 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети (КР КИМК) тарабынан “Ардагер” автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыгып, ишке киргизилди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучулары, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар, 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынын катышуучулары, ошондой эле КР КИМК тилкеси боюнча КР Куралдуу Күчтөрүнүн пенсионерлери жөнүндө актуалдуу маалыматтарды камтыйт.

Бүгүнкү күндө “Ардагер” АМС “Түндүк” системасы аркылуу жогоруда аталган категориядагы жарандарга жөлөкпулдардын жана жеңилдетүүлөрдүн ар кандай түрлөрүн дайындоо жана кайра дайындоо боюнча жол-жоболорун жеңилдетүү үчүн башка мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары менен, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен онлайн режимде өз ара аракеттенет.

Билим берүү мекемелерине маалымкатты кагаз түрүндө берүүнү жокко чыгаруу максатында, ушул “Ардагер” системасынын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык системалары менен өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасында электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн Мамлекеттик порталы иштейт, ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды өлкөнүн жарандарына электрондук түрдө аралыктан көрсөтүүнү камсыз кылган мамлекеттик маалыматтык система болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынан “Ардагер” системасы жогоруда аталган портал менен интеграцияланып, жыйынтыгында Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тилкеси боюнча төмөнкү электрондук маалымкаттардын тизмеси жеткиликтүү болду:

- Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгы жөнүндө маалымкат;

- башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкандыгы жөнүндө маалымкат;

- Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы тууралуу маалым кат;

- 1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын түштүгүндө куралдуу бандтүзүлүштөрдү локалдаштыруу боюнча согуштук аракеттерге катышкандыгы жөнүндө маалымкат;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тилкеси боюнча пенсионердин статусу жөнүндө маалымкат;

- Кыргыз Респуцбликасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тилкеси боюнча пенсионердин объективдүү маалыматы жөнүндө маалымкат.

Жогорудагы маалымкаттарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) алуу үчүн жарандын өзүнүн электрондук кол тамгасынын болуусу жана мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында (portal.tunduk.kg) авторизациялоодон өтүүсү зарыл. Электрондук колтамганын булуттук версиясын жакынкы КР калкты тейлөө борборлорунан акысыз алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий