• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Астанада капрон колготки кийип көчөгө чыккан студент кыз бутун I-II даражадагы үшүккө алдырган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.01.18 /Кабар/. Астанада капрон колготки кийип көчөгө чыккан студент кыз бутун I-II даражадагы үшүккө алдырып, №1 ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар медиктерге таянып билдиришет.

Дарыгерлер шейшемби күнү кыз ириң хирургиясы жана колопроктология бөлүмүнө түшкөнүн айтышты.

“КазМЮУнун студенти бизге 23-январда 13.05те түшкөн. Анын эки санынын алдыңкы беттерин үшүк алып кеткени аныкталган. Ага тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Кечээ үйүнө чыгарылды”, - деп билдиришкен Sputnik Казакстанга ооруканадан.

Учурда ооруканага кайра таңдырууга келип турат.

Борбордук КазМЮУ окуу жайынан буту сүрөттө көрсөтүлгөн студент кыздын саламаттыгына эч кандай коркунуч жоктугун билдиришкенин, Tengrinews.kz жазат.

Аталган окуу жайдын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Махкамбаев кыз 4-курстун студенти экенин, ал тажрыйба өтүүгө бара жатып, унааны көпкө күтүп калып, үшүккө алдырганын билдирген. Ошондой эле Махкамбаев студент кыз бул темага кайрылып, түшүндүрмө берүүнү каалабай турганын кошумчалаган.

Буга чейин социалдык тармактарда Астанада бутун үшүккө алдырган кыздын сүрөтү тараган. Колдонуучулар кыз көчөгө капрон колготки кийип чыкканын айтышкан.

Синоптиктердин айтымында, алдыдагы 3 суткада суук антициклон Казакстандан кетпейт. Ошондуктан көпчүлүк аймактарда ызгаар сакталмакчы.

Үшүккө алдыруунун алдын алуу үчүн дарыгерлер жылуулук сактоочу материалдардан тигилген кийимдерди кат-кат кийип жүрүүнү сунушташат.

Булагы: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий