• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда ири уюшкан кылмыштуу топторду масштабдуу кармоо жүрүп жатат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Казакстанда ири уюшкан кылмыштуу топторду масштабдуу кармоо иштери башталды, деп жазды "Казинформ" маалымат агенттиги.

Кармоо иштери Улуттук коопсуздук комитети тарабынан Ички иштер министрлиги менен бирдикте жана Башкы прокуратуранын координациясы менен Казакстандын бир катар облустарында жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ "мыйзамдагы ууру" кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) кармоо учурунда жок кылынган. КР УКМКдан билдиришкендей, ал кармоо учурунда атайын кызматтын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий