• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан жана Өзбекстан төрт жаңы автобус каттамын ачат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.03.18 /Кабар/. Кыргызстан жана Өзбекстан төрт жаңы эл аралык автобус каттамын ачуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу Өзбек автомобиль транспорту агенттигинин жетекчисинин орун басары Шаалим Шавахабов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө эки өлкөнүн компетенттүү органдары тарабынан жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жыйынтыктоочу баскычына жетти.

“Биз жакынкы айларда Ташкент – Бишкек, Фергана – Ош, Андижан – Ош автобус каттамдарын ачууну пландап жатабыз. Ошондой эле сезондук Ташкент-Ысык-Көл багытынын ачылышы каралууда”,- деп Шавахабовдун сөзүн sputniknews-uz.com келтирет.

Күтүлүп жаткандай, эки өлкөнүн ортосундагы автобус каттамдарына калктын суроо-талабы жогору болот.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелери дээрлик он жылдык алыстоодон кийин өткөн жылы активдеше баштаган. 2017-жылы жогорку деңгээлдеги бир нече сапарлар болду. Аларда эки мамлекеттин жетекчилери экономикалык кызматташууну активдештирүү боюнча алгылыктуу келишимдерге жетишишти.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча эки мамлекеттин ортосундагы КӨЖдан суткасына 7 миң киши өтүүсү керек болсо, учурда 12 миң адам өтөт.

Өзбекстандын мамлекеттик чек араны коргоо комитети жарандардын көптүгүнөн Кыргызстан менен чек арадагы “Дустлик” көзөмөл-өткөрмө жайында паспорттук көзөмөл кабинкаларынын саны 12ден 22ге чейин көбөйтүлгөнүн билдирген. Жыл аягына чейин өзбек тарап өзбек-кыргыз чек арасындагы бардык өткөрмө пункттарды кеңейтүүгө ниеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий