• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги Тарых музейинин ачылышы 30-августка пландалууда

Маданият 0

Бишкек, 07.08.18. /Кабар/. БишкектегиТарых музейинин ачылышы 2018-жылдын 30-августуна пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурасты сактоо башкармалыгынын башчысы Чолпон Тентиева билдирди.

Анын айтымында, музей 1925-жылы декабрь айында ачылган. Ошондон бери 2016-жылга чейин оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

“Эми музей эл аралык стандарттарга жооп берет. Музейде экспедициянын жаңы системасы, оңдоочу лаборатория, музейди сактоо фонду, коомчулук менен байланыш түзүлүп, керек болгон технологиялар алынды”, - деди ал.

Тентиева билдиргендей, дүйнөлүк практикада музейдин реконструкциясы 8-10 жылга созулат.

“Биз 4 миң чарчы метр жерди 2 жылдын ичинде оңдодук. Экспозиция логикалык чынжырча боюнча коюлган. Башкача айтканда, коноктор тарыхыбызды башталышынан азыркы күнгө чейин катары менен көрө алышат”, - деди ал.

Чоңдор үчүн билеттин баасы 100 сом болот.

Музейдеги 500 экспонаттын жоголушу жана кылмыш иши тууралуу айтып жатып Чолпон Тентиева текшерүү жүрүп, акт түзүлгөнүн айтты. Экспонаттар 1963-1993-жылдар аралыгында жоголгону белгилүү болду. Учурда тиешелүү органдарда тергөө иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий