• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москва шаарында Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында Москва шаарында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жана Россиядагы кыргыздардын диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Россиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чараны "Кыргыз тили" коомунун Москвадагы жана Москва облусундагы өкүлчүлүгү уюштурду.

КРнын РФдагы элчилигинин кеңешчиси М. Жолдошбеков, "Кыргыз тили" коомунун Москвадагы жана Москва облусундагы өкүлү Б. Бапанов, ошондой эле Москвадагы кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери иш-чаранын катышуучуларына кайрылышты.

М. Жолдошбеков өз сөзүндө кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат тууралуу айтты. Тактап айтканда, элчиликтин өкүлү эне тилин сактоо, өнүктүрүү жана аны кийинки муундарга жеткирүү мамлекетке гана эмес, ар бир кыргыз жаранына байланыштуу экенин белгиледи. Буга байланыштуу ал Россияда жашаган мекендештерге кайрылып, балдар өз эне тилин билиши жана унутпашы үчүн үй-бүлөлөрдө балдар менен кыргыз тилинде баарлашуу маданиятын сактоого чоң көңүл бурууга чакырды.

Иш-чаранын катышуучуларына концерттик программа сунушталып, анда Москвадагы кыргыз адабий коомдорунун мүчөлөрү ырларын окуп беришти.

Пикир

Оставить комментарий