• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Беларустун маданият мекемелери кызматташат

Маданият 0

Бишкек, 14.06.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Беларустун маданият мекемелери кызматташат. Мындай макулдашуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиевдин Беларустун маданият министринин орун басары Сергей Саракач менен жолугушуусунда белгилүү болду.

КР Маданият министрлигинен билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Беларустун Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында өттү.

Ошондой эле жолугушууга Бишкек шаарында жайгашкан театр оюн-зоок мекемелеринин, искусство жана маданият тармагындагы окуу жайлардын жетекчилери катышып, эки өлкөнүн маданият мекемелеринин кызматташуусу макулдашылды.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө маданият тармагында, анын ичинде театр ишмердүүлүгү, китепкана жана музей иштери жана окуу жайлар, кино боюнча байланыш түзүү жана аны өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу пикирлер талкууланды.

Кайрат Иманалиев өз сөзүндө чыгармачылык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, квалификацияны жогорулатуу, тажрыйба алмашуу турлары, чыгармачылык жолугушуулар, маданият, искусство, чыгармачыл тармактар жана адабият ишмерлери менен түрдүү деңгээлдеги фестивалдарга, тегерек столдорго, конференцияларга жана мастер-класстарга катышууда кызматташууга даяр экенин белгилеп, тиешелүү деңгээлде иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Ал эми Сергей Саракач искусство жана маданият жаатындагы окуу жайлар ортосунда студенттер жана окутуучулук курамдын тажрыйба алмашуу жана профессордук-окутуучулук курамды кайра даярдоо, илимий конференцияларга, конгресстерге, семинарларга ж.б. катышуу максатында кызматташуу жөнүндө келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий