• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Маданият министри Жаманкулов ICESCO уюмунун кезексиз видеоконференциясына катышты

Маданият 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча дүйнөлүк ислам уюмуна (ICESCO) катыштыгы бар мамлекеттердин маданият министрлеринин кезексиз видеоконференциясына катышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Видеоконференция учурдагы кырдаалга ылайык маданият, искусство жана туризм тармагындагы ишмердүүлүктүн көйгөйлүү маселелерин калыбына келтирүү жана аны ишке ашыруу аракеттерине арналган.

ICESCO уюму короновирус пандемиясы дүйнө жүзү боюнча маданият тармагына болгон жагымсыз таасирлерин карап чыгып, маданият жана искусство боюнча санариптик платформасынын долбоорун алып чыккан.

“Бул жолугушууда министр Азамат Жаманкулов өзгөчө кырдаал учурунда Кыргыз Республикасынын маданият тармагындагы жасалган иштер тууралуу айтып берди.

“Кыргыз Республикасы пандемия шартында социалдык- экономикалык тармактар менен бирге маданиятка да өзгөчө маани берип жатат. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан алдыга коюлган приоритеттүү бир катар аракеттерди көрдү. Алар, жогорку жана атайын окуу жайларда кесиптик билим алуу, маданият жана искусство мекемелеринде продукцияларды өндүрүү, карантин шартында үйдө отурган бардык жарандарга маданий-көңүл ачуучу иш-чаралар менен камсыздоо жана маданият жана искусство кызматкерлерине социалдык жардам берилген. Элди руханий жактан өнүгүүгө жана маданий көңүл-ачуучу иш-чараларга жеткиликтүү камсыз кылуу максатында филармония, театр, музей жана китепканалар тарабынан санариптик технологияларды жана web-аянтчаларды колдонуу менен спектакль, көргөзмө, көркөм окуулар, концерттер телеканалдарда, сайттарда жана социалдык тармактарда көрсөтүлүп жатат”, - деген ал.

Ошондой эле министр өз сөзүндө эл аралык деңгээлде маданият тармагынын туруктуулугун жогорулатуу жана колдоо үчүн биргеликте күч аракет жумшап, кризистен чыгуу чараларын көрүү керектигин билдирген.

Белгилей кетсек, аталган онлайн конференцияда COVID-19 пандемиясы учурундагы маданий чакырыктар, пандемиядан кийинки маданият, туризм тармагынын жаңы тренддери жана кризистен чыгуу аракеттери талкууланган.

Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча дүйнөлүк ислам уюму уюштурган видеоконференцияга уюмга мүчө болгон 50дөн ашык мамлекеттин маданият министрлери, эл аралык уюмдардын башчылары жана расмий өкүлдөрү катышкан.

Пикир

Оставить комментарий