• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тез жардам унаасы жана КамАЗ катышкан жол кырсыгы: Жабыркаган медиктердин абалы оор

Кырсык 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Жол кырсыгына кабылган тез жардам унаасындагы медиктердин жана айдоочунун абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Тез жардам медициналык борборунун реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгынан дарыгер, эки фельдшер жана тез жардам унаасынын айдоочусу жабыркаган. Жабыркагандар Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жаткырылган.

"Бир фельдшер жандандыруу бөлүмүндө, текшерүүдөн өтүүдө. Ошондой эле экинчи фельдшердин абалы оор, калгандарынын абалы орточо оор", - дейт Борисов.

Эскерте кетсек, бүгүн, 18-июнда болжол менен саат 13:40да Бишкек шаарынын Орозбеков менен Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде КамАЗ тез жардам унаасын сүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий