• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азербайжанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Программасы

Маданият 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Баку шаарында (Азербайжан) Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Мындай маанилүү иш-чара президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдагы Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планына жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөрүнүн ортосундагы жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашууда.

Эки өлкөнүн достук мамилелерин бекемдеген маданий күндөрүнүн делегациясын маданият министри Алтынбек Максутов жетектеп, анын курамына мамлекеттик жана маданий ишмерлер, эл артисттери кирген.

Кыргыз элинин бай маданиятын жана мурасын даңазалаган иш-чаралар Баку шаарынын негизги маданий мекемелеринде болмокчу.

Маданий күндөрдүн программасы: (Баку шаарынын убактысы боюнча)

23-апрель

- 19:00 — Кыргыз киносунун күндөрүнүн расмий ачылышы (“Низами” кинотеатры).

24-апрель

- 17:00 — КР Улуттук тарых музейинин топтомдорунан турган "Байыркы искусствонун шедеврлери" экспонаттарынын, КР Сүрөтчүлөр, Кол өнөрчүлөр союзунун жана Кыргызстандын улуттук тамак-ашынын көргөзмөсүнүн ачылышы (Гейдар Алиев атындагы маданий борбор).

- 19:00 — Кыргызстандын Азербайжандагы маданий күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи (Гейдар Алиев атындагы Маданий борбор).

25-апрель

- 15:00 — Кыргызстан жана Азербайжандын маданият ишмерлеринин, илимий интеллигенциянын, тарыхчы - түркологдордун, жазуучу-акындардын катышуусунда "Кыргыз-Азербайжан маданий-гуманитардык достук байланыштары" темасында тегерек столу (Азербайжандын улуттук китепканасы).

26-апрель

- 19:00 — Кыргызстандын маданий күндөрүнүн расмий жабылыш аземи. Гала-концерт (Шихали Курбанов атындагы Азербайжан мамлекеттик академиялык музыкалык театры).

Пикир

Оставить комментарий