• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы грузин тилинде жарык көрдү

Маданият 0

Бишкек, 24.08.23 /Кабар/. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесинин алдында Кыргызстандын Грузиядагы элчилигинин демилгеси жана Ардактуу консулдарынын колдоосу менен жазуучунун чыгармалары грузин тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, кириш сөздү улуу жазуучунун уулу – экс-тышкы иштер министри Аскар Айтматов жазган. Китептин бет ачары ушул жылдын күзүндө Тбилисиде өткөрүлмөкчү.

Чыгармалардын жыйнагына "Биринчи мугалим", "Кызыл жоолук жалжалым, "Ак кеме" сыяктуу повесттери кирген.

Пикир

Оставить комментарий