• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жарым жылда Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүү $45 млн түздү

Экономика 0

Бишкек, 24.08.23. /Кабар/. 2023-жылдын I жарымында Кыргызстан менен Беларустун ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү 45 млн доллардү түздү. Бул тууралуу Беларустун премьер-министринин Анатолий Сивак менен болгон эки тараптуу жолугушууда КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, өз ара сооданын көлөмү жылдан жылга өсүүдө.

"Алсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын көлөмү 110 млн доллардан ашуун сумманы түзсө, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 45 млн суммага жакын долларды түздү. Бул эсептер жогорку көрсөткүчтөргө жетишүү мүмкүндүгүн берет", - деди Төрөбаев.

Пикир

Оставить комментарий